<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><hymn_number>203</hymn_number>
<lyrics>[V1]
.       Em       Am            B
 Асманда кимим бар менин? Сен Ыйса.
.      Em            Am    B
 Жашоомдогу ырым Сенсиң, Сен гана.
.    Am           D
 Сен мен үчүн запкы көрдүң,
.     G         D
 Күнөөм үчүн кун төлөдүң,
.   Am         B         Em
 Кудай менен элдештирдиң Сен, Ыйса.

[V2]
 Бул дүйнөнүн байлыгына кызыкпайм,
 Жылтылдаган кооздугуна карабайм,
 Андан тынчтык таба албайм,
 Кубаныч да ала албайм,
 Түбөлүктүү бакытымсың Сен, Ыйса.

[V3]
 Жокчулуктун каарын канча тартсам да,
 Билем, айланат баары жакшылыкка.
 Жүзүм байлабай калса да,
 Анжыр гүлдөбөй калса да,
 Мен сени менен кубанам, о Ыйса.

[V4]
 Жамандыктын чеңгээлинде калсам да,
 Күнөө тузак коюп, кишен салса да,
 Бул дүйнө согуш ачса да,
 Душман курчоого алса да,
 Жеңем баарын Сени менен, о Ыйса.

[V5]
 Ажалым жетип, көзүм жумулганда,
 Жай табамын бир Өзүңдүн колуңда.
 Көңүлүм чөгүп турса да,
 Кайгыга муунуп турсам да,
 Ырдай берем токтобой ар убакта.</lyrics>
<title>Асманда кимим бар менин? Сен Ыйса РЫЖ256</title>
<key>Em</key>
</song>